Каталог книг

Dawe Bryant

«Манас» эпосуна тиешелүү изилдөөлөргө жаңыча илимий сереп (1856–2018).

2024-09-23 11:20:44 | 54 Просмотры
  • Авторы:Жеймс Пламтри, Нургул Карыбекова
  • Год издания:2023
  • ISBN:978-9967-9509-0-0
  • Тип издания:Электронный учебники


Библиографическая запись

Китепте мурда англис тилинде жарык көргөн «Манас» эпосунун түрдүү аспектилери боюнча изилдөөлөргө тиешелүү маалыматтар кыргыз тилине которулуп, санариптик доорго ылайык жаңы өңүттөгү илимий көз караштар менен толукталып берилген. Ал өз ичине киришүү бөлүмүнөн орун алган «Санариптик доордо «Манас» эпосун изилдөөнүн жаңы багыттары» аттуу китептин котормочусу Нургул Карыбекова тарабынан киргизилген жаңы бөлүмдү жана Британиялык окумуштуу Ж. Пламтри тарабынан изилденген беш бөлүмдү камтыйт. Алгачкы бөлүмдөрүндө «Манас» эпосуна тиешелүү кол жазмалар, оозеки жана жазма түрдөгү варианттардын ортосундагы байланыштар, ар бир доордун эпоско тийгизген таасирлери ж.б. олуттуу тарыхый маселерге тиешелүү талдоолор орун алган. Ал эми акыркы төрт бөлүмдө аталган эпостун азыркы варианттары заманбап технологиялардын жардамы менен талданып, кызыктуу фактылар аныкталган. Колуңуздагы китеп «Манас» эпосуна кызыккан изилдөөчүлөргө, студенттерге, фольклор таануучуларга, жалпы эле кыргыз элинин эпикалык мурасына, салттуу маданият жана тарыхка кызыккандардын кеңири катмарына арналат.

Недавно просмотренные